Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун айрым бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат. Бул туурасында Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Бишкектин четиндеги унаа базары жайгашкан тилкеде оңдоо иштери жүрүп жатат.
"Бишкек-Ош жана Кара-Балта багыты боюнча жолго чыккан айдоочуларга айланып өтүүчү жолдун схемасы сунушталат. Тагыраак айтканда, айланма жол аркылуу өтсө болот", - деп жазылат маалыматта.