Бүгүн, 27-февралда Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү боюнча эл аралык турнирдин экинчи күндүк беттештери уланууда.
Турнирге күрөштүн грек-рим түрү боюнча 67 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Марилен Асикеев алгачкы жүрүшүндө эле коңшу өзбекстандык балбанга 6:5 эсебинде жеңилип калды. Марлен Асикеев 67 килограмм салмакта быйылкы өлкө чемпиондугунда чемпион аталган.
Ал эми эркин күрөш боюнча 120 килограмм салмакта катышкан белгилүү балбан Айаал Лазарев германиялык балбанды 5:3 эсебинде жеңип, мелдештин кийинки баскычына өттү.
Учурда турнир уланып жатат.