Бүгүн, 27-февралда Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү боюнча эл аралык турнирдин экинчи күндүк беттештери уланууда.
Турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан 77 килограмм салмакта катышкан Акжол Махмудов алгачкы жүрүшүндө эле күчтүү делинген болгариялык Айк Мнацканян менен кез келди. Кызыктуу беттештин жүрүшүндө кыргыз балбаны 9:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, кийинки баскычка өттү.
Ал эми 57 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Сезим Жуманазарова алгачкы жүрүшүндө эле коңшу өзбекстандык балбан кызга жеңилип калды.