Бүгүн, 27-февралда Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү боюнча эл аралык турнирдин экинчи күндүк беттештери уланууда.
Турнирге 77 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Акжол Махмудов жарым чейрек финалда грузиялык балбанга 3:8 эсебинде утулуп калды.
Ал эми ушул эле салмак категорияда килемге чыккан Кайрат Түгөлбаев беларустук балбандын үстүнөн 7:2 эсебинде жеңишке жетип, мелдештин чейрек финалына чыкты. Чейрек финалда ал Акжол Махмудовду уткан балбан менен кез келет.
Учурда турнир уланып жатат.