Украина: "Азаматтар". Эки кыргыз балбаны жарым финалга чыкты. Кимдер?

Бүгүн, 27-февралда Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү боюнча эл аралык турнирдин экинчи күндүк беттештери уланууда.

Мелдешке 61 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Икромжон Хаджимуродов чейрек финалда германиялык балбанды 7:1 эсебинде жеңип, турнирдин жарым финалына жолдомо алды.

Мындан тышкары, 70 килограмм салмакта катышкан Исламбек Орозбеков чейрек финалда жергиликтүү балбан менен кез келип, килем үстүндө каршылашы жаракат алып калганына байланыштуу 2:2 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.

Жигиттер, азаматсыңар!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан