Бүгүн, 27-февралда Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү боюнча эл аралык турнирдин экинчи күндүк беттештери уланууда.
Турнирге 60 килограмм салмакта катышкан өлкө чемпиону Жоламан Шаршенбеков чейрек финалда беларустук балбан менен кез келип, 5:0 эсебинде жеңишке жетти.
Жоламан Шаршенбековдун бул беттеште көзгө толумдуу күрөш тартуулаганын баса белгилеп кетүү керек. Азаматсың!