Бүгүн, 27-февралда Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү боюнча эл аралык турнирдин экинчи күндүк беттештери уланууда.
Турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан 62 килограмм салмакта катышкан белгилүү балбан кыз Айсулуу Тыныбекова чейрек финалда польшалык балбан кыз менен кез келип, атаандашынын далысын килемге таза басып, жеңишке жетти. Муну менен кыргыз балбаны турнирдин жарым финалына чыкты.
Айсулуу Тыныбекова бул турнирде жалпы 3 балбан менен күрөшүп, бирөөсүнө дагы 1 упай алдырган жок. Айсулуу, сага сөз жок!