Киев: Эки кыргыз балбаны жарым финалда жеңилип калды. Кимдер?

Бүгүн, 27-февралда Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү боюнча эл аралык турнирдин экинчи күндүк беттештери уланууда.

Мелдешке 61 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Икромжон Хаджимуродов жарым финалда азербайжандык балбанга 7:4 эсебинде жеңилип калды. Муну менен кыргыз балбаны коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Мындан тышкары, 70 килограмм салмакта катышкан Исламбек Орозбеков дагы жарым финалда азербайжандык балбанга 5:3 эсебинде жеңилип, коло байге үчүн күрөшүүгө жолдомо алды.

Учурда турнир уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан