Бүгүн, 28-февралда Украинанын борбору Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү боюнча эл аралык турнирдин биринчи күндүк беттештеринин финалдык беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 00:30да старт алды.
Турнирге эркин күрөш боюнча 57 килограмм салмакта катышкан балбан Бекболот Мырзаназар уулу коло байге үчүн болгон беттеште грузиялык балбанды 14:5 эсебинде жеңип, коло байгенин ээси болду. Азаматсың, Бекболот!
Мелдешке эркин күрөш боюнча 65 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Алибек Осмонов молдовалык балбанды 6:2 эсебинде жеңип, 65 килограммда коло байгенин ээси болду.
Турнирге эркин күрөш боюнча 86 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Нуртилек Карыпбаев коло байге үчүн беттеште жергиликтүү балбанды 8:3 эсебинде жеңип, Кыргыз курамасына үчүнчү коло байгени алып келди.
Ал эми күрөштүн грек-рим түрү боюнча 55 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Нурмухаммед Абдуллаев коло байге үчүн болгон беттеште грузиялык балбанга 5:2 эсебинде жеңилип калды.