Киев: Эки кыргыз балбаны алтын утса, үчөө күмүш медалга ээ болду. Кимдер?

Бүгүн, 28-февралда Украинанын борбору Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү боюнча эл аралык турнирдин биринчи күндүк беттештеринин финалдык беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 00:30да старт алды.

Турнирге 97 килограмм салмакта катышкан Үзүр Жусупбеков финалда грузиялык балбан менен кез келмек. Бирок атаандашы алган жаракатынан улам күрөшө албастыгын билдирип, Үзүр Жусупбеков алтын медалга ээ болду.

Мелдешке 68 килограмм салмакта катышкан балбан кыз Мээрим Жуманазарова финалга чейин жетип, анда канадалык Оливия Ди Бакко аттуу балбан кыз менен кез келип, эсеп 1:1 болду. Кыргыз балбаны акыркы болуп ыкма жасагандыгы үчүн чемпион аталды.

Ал эми эркин күрөш боюнча 65 килограмм салмакта килемге чыккан Эрназар Акматалиев финалда азербайжандык Али Рагимзаде менен кез келип, 4:5 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.

Мындан тышкары, финалга чыккан балбан кыздар Назира Марсбек кызы менен Айпери Медет кызы финалда атаандаштарына жеңилип, күмүш байгенин ээлери болушту.

Бүгүн, 28-февралда турнирдин экинчи күндүк беттештеринин финалы уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bekuluik
2021-02-28 10:19:59
Ааааа бали, азаматсынар.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан