Бүгүн, 28-февралда Ош шаарында УКМК тарабынан кармалган Райымбек Матраимовду колдоо митинги өттү.
Митингге келгендер "Эл уулуна боштондук" деген чакырыктарды айтып жатышат. Алар Матримовду камактан бошотууну талап кылышууда.
Буга чейин дагы 19-февралда УКМКнын алдында Райымбек Матраимовду колдоо митинги өткөн. Имараттын алдына Матраимовдун кармалышына каршы болгон тарапташтары чогулган. Топтолгондор "Эмнеге Кулматов камалбайт!", "Матраимовду бошоткула!" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушкан.