Биз социалдык тармакта

Депутат Мирлан Бакиров Райымбек Матраимовду колдоо митингинде массалык маалымат каражаттарынан маалыматтарды калыс чагылдырууну суранды

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Ош шаарында өткөн Райымбек Матраимовду колдоо митингинде массалык маалымат каражаттарынан маалыматтарды калыс чагылдырууну суранып өттү.

"Калыстык үчүн айтып коёюн, биз укуктук мамлекетте жашайбыз. Кыргыз элинин ар бир жараны пикирин айтууга баш мыйзам боюнча акылуу. Бардык жерде калыс болуш керек. Массалык маалымат каражаттары жазсын, бирок туура маалымат жазсын. Бурмаланган маалыматтар айтылып келди, депутаттык комиссия бул ишти 7 ай иликтеп, бирок 7 тыйын дагы тапкан жок. Ал жерде мамлекеттик органдар дагы катышты. Улуттук банктын төрагасына суроо бергенимде ал акчалар ишкерлердин товар алууга жөнөткөн акчалары деп айтты.

Урматтуу туугандар, калыстыкты акыйкаттыкты, тергөөнүн жана соттун адилеттүү болушун каалайбыз. Мына ушул биздин сөзүбүз", - деди Бакиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Mirlan27011987
2021-02-28 14:26:11
Бакиров эки жуздуу болуп бутуптурсун. Раим корруп-р. Элдин баары билет. Кайсы бетин мени Раимди актап жатасын. Раим Матраимов камалыш керек.
+5
Kuban-1207
2021-02-28 16:37:54
Эчак эле камаш керек болчу
+6
Talantus
2021-02-28 17:13:42
Бакиров билбесен билип ал. Мактаган Раимин 2 млрд сом уурдаганын мойнуна алып толоп отурат. Бул кылмыш учун Кытайда олум жазасы.
+3
Jelezo
2021-02-28 18:41:14
Бакиров камалсын кол топтогула эл журт.
+3
supish2017
2021-02-28 19:31:55
Ушуга митингге чыккандардын баарын тазалаганда гана Кыргызстан онолот.
Жалан "дежурлар"..
+4
al-abu-kinesz
2021-02-28 21:51:47
Кунуно мин адамга ар бирине мин сомдон толоп берсе да Раимдин акчасы мин эмес бир нече мин кунго жетет. Ошол акчаларды эмне 7 атасы чогултуп Раимге таштап кетиптирби? 2 млрд.сомду жон эле толоп койду го?
+3
Globalnews
2021-03-01 08:55:59
митингге чыккандар силер - к.й экенсинер! башынар иштесе кандай кадамга барып жатканынарды тушунмоксунор! азаматтар, ууруларды колдогула! озунор ошол ууруларга кул болуп жок болгула! башка соз жок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан