"Биз акыркы 3 жылдан бери унчукпай жүрдүк". Искендер Матраимов Ошто өткөн митингге катышты

Ош шаарында өтүп жаткан Райымбек Матраимовду колдоо митингине анын бир тууган агасы Искендер Матраимов дагы келип сөз сүйлөдү.

"Менин иним элдики, ал элдин адамы экенине дагы бир жолу ынандым. Ушул жерге чогулган силерге рахмат жана таазим. Менин айта турган сөзүм калган жок, мен бир тууганымды мактай албайм, аны эл мактасын. Мен бир тууганымдын ак экенин билем.

Инимдин соту болду, сот чечим чыгарды. Бирок ушуга дагы макул болбой, элди чыгарып, Матраимовду жок кылбасак болбойт деп чыгышты. Эл революциядан тажады, биз ушинтип жатып башка өлкөлөрдөн он жылга артка кетип жатабыз.

Биз акыркы 3 жылдан бери унчукпай жүрдүк. 2017-жылдан бери чыдап келдик. Акыры мен чыдай алган жокмун. Мен бийликке дагы, өкмөткө дагы инимдин ак экенин айттым. Мен кимдин ким экенин жакшы билем, Райымбек дагы акталып чыгат, бирок анда дагы эч ким ишенбей, Матраимовдор укук коргоо органдары менен сүйлөшүп алышты деп чыгышат.

Мына ушул жерге чыккан бир дагы элди Матраимов алып чыккан жок. Баары өз каалоосу менен чыккандар. Мына куттуу жерде туруп айтып жатам. Мен ушул жердеги митингге чыккандардын жоопкерчилигин алып чыктым. Эми ушул жердеги тартипти сактап берген укук коргоо органдарына ыраазычылыгымды бир туугандарымдын жана өзүмдүн атымдан айта кетем", - деди Матраимов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Mirlan27011987
2021-02-28 14:51:38
Агасы калп айтып жатат.
+23
bayern-munchen
2021-02-28 18:28:13
Mirlan27011987,сен тааныйсынбы
-10
Shabi
2021-02-28 14:57:24
Кана раимдин фанаттары фас фас.аканарды колдоп Бир нерсе дегиле доодуроп.раим ака ак деп жазып жаткандар соз силерде
+19
bayern-munchen
2021-02-28 18:29:25
Shabi,кара экенин сен билесинби сен озун аксынбы ар бир адам озун билсин фас десе чуркаган сен акмаксын билип билбей бироону каралап
-7
Mina24
2021-02-28 15:08:54
Токтоосуз камалсын Кыргыздын келечегине балта чапкандар биз онугуу жолун да болбокпуз эмгиче ушундай оз жанын ойлогондор артка тартта Кыргызды 30жылдан бери четинен камасын куносу барларды жана жемкорлорду
+20
Asman779
2021-02-28 15:11:16
Таможнядан жеген акчанын баары жалпы кыргыз элинин акчасы. Анан ошол акчаны жеп алып туруп пандемияда элге жардам берди, элдин адамы деген туура эмес. Жардам берген болсо ошол элдин акчасын кайра элге берип туруп автор болгондун кереги жок. Антип элдин кишиси болбой эле койгон оң.
+28
Shabi
2021-02-28 15:40:11
Asman779,ошол нерсени кээ Бир додойлор тушунбой жатпайбы,как буд то раим чон атасынын катып койгон акчасына элеге жардам кылып бергендей кылып
+11
Mina24
2021-02-28 15:11:19
Алгаа генерал лейтанант Камчыбек Кыдыршаевич сен иштейсин умут чоон элдин тез резултат чыгара бер
+19
Neizvestno777
2021-02-28 15:20:38
Уруу тойгончо жеп олгончо карганат
+20
Bolotbek9191
2021-02-28 15:23:57
Булар Калп суйлоп конуп калышкан ак болсо анча байлыкты кайдан жыйнады
+19
Sara1993
2021-02-28 15:35:47
Боже ошол ининиз элдики болумуш болуп элдин акчасын урдап жеп жатканы менен ишиниз жок.Ошону колдоп баргандар аман болсун , силер кыргыз элинин душманысынар, акчага сатылып кете бересинер.Бир куну тууганынарды дагы сатпагыла акчага ушунтип журуп.
+13
zam81
2021-02-28 16:45:25
Жебесе анча акчаны кайдан тапты
+11
bond02
2021-02-28 17:07:54
Мамлекетти 10жыл артка тарткандар Матраимовдор болуп журбосун.
+13
munarbek.92
2021-02-28 17:25:03
Тыйындын дагы эки бети болот буларда тыйынчалык бети жок окшойт
+4
Jelezo
2021-02-28 18:39:57
Бажыда иштегендин баарын камаш керек эл көрүп турат кантип байыганын ар биринен 20млн$дан төлөтүү керек.
+5
jazmina909090
2021-02-28 20:57:12
Аллах көрүүчү билүүчү угуучу чынчыл чечкиндүү зат.Анын буйругуна эч ким каршылык кыла албайт.Жегендин кусмайы алгандын бермейи бар.Значит Кудайга жакпаган иштерди кылган.6 5000000миң кыргыз калкыма 500 000 адам каршылык кыла албай.Көпчүлүккө баш ийели.
+3
Nargiza1987k
2021-02-28 21:57:45
jazmina909090, ,чыкан адамдарды кубалаш керек таш менен
+2
al-abu-kinesz
2021-02-28 22:06:09
Деги эмне керек силерге? Раим качан камалат деп ызылдап аттынар эле эми камаса ак деп ызылдайсынар. Куноокорлор жоопкерчиликке тартылабы? Же ар ким озунукун коргой береби? Жумалиевди, Матраимовду, Сегизбайды, Атамбайды дагы кимди колдоп журо бересинер???
+3
Globalnews
2021-03-01 08:49:24
Именно мекенди артка тартууга матрлар эбегейсиз зор салым коштунар! раим ак деп кайсы оозун менен айттын? 6млн элди козу кор кылганынбы бул?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан