Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Тиллаев дагы Ош шаарында бүгүн, 28-февралда өткөн Райымбек Матраимовду колдогон митингге катышты. Эл алдына чыгып сөз сүйлөп Райымбек Матраимовду эли колдоп аларына ишенерин айтты.
"Райымбек агам жөнөкөй элдин жүрөгүнө кириптир. Кыргыз айкөл, жөнөкөй эл экенбиз тирүү кезинде жигитиңерди колдоп алгыла. Душмандарга салып бербегиле. Эртең аттиң кылып калбайлы. Мындай жигит кыргызда бир жаралат. Ал дагы бир күнү чыгып өзүнүн чындыгын айтат", - деди ал.