Биз социалдык тармакта

Өкмөт башчы Улукбек Марипов Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады

Премьер-министр Улукбек Марипов Айсулуу Тыныбекованы Украинанын борбору Киев шаарында өткөн эл аралык турнирде жеңишке жетиши менен куттуктады. Куттуктоону өкмөт башчы социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Урматтуу Айсулуу Болотовна! Алтын медалыңыз менен куттуктайм! Сиздердин жеңишиңиздерди кызыгуу менен көрүп, сыймыктануу менен кабыл алдык. Бүгүнкү жетишкендигиңиз тынымсыз эмгек, талыкпас машыгуулардын жыйынтыгы болду десем жаңылбайм.

Сиздин жеңишиңиз элибиздин духун көтөрүп, жаштарыбыздын ишенимин бекемдеген жалпыбыздын сыймыгыбыз!", - деп жазды Марипов.

Киевде өткөн эл аралык турнирде Айсулуу Тыныбекова финалда украиналык балбан кыз менен кез келип, 9:7 эсебинде жеңүүчү аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tannuru1503
2021-03-01 11:52:13
Башка алтын алгандарды дагы куттуктайбыз
+1
talas0707
2021-03-01 16:14:34
Айсулуу кыргыздын мыктысы, бирок жалпы куттукташ керек, Жуманазарова ж.б. лар деле медал алыштыда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан