Бишкек шаарында кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан тоноо фактысынын бети ачылды

Бишкек ШИИББинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан тоноо фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрь күнү Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 9-октябрь күнү милицияга 39 жаштагы Ш.В. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 07:30дарда 17 жаштагы кызынын уюлдук телефонун  белгисиз бирөө күч колдонуп тартып алганын айткан. Бул факт боюнча көрүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында кылмышка шектелип 21 жаштагы С.Э. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан