Бирде ырдап, бирде ар кандай кайрылууларды жасап интернет колдонуучуларын зериктирбеген Нурлан Мотуев кайрадан талкуу чордонунда.
Ал эс алуу күндөрү өзүнүн жубайы менен түшкөн сүрөттөрүн жарыялаган. Сүрөттөрдүн биринде Мотуевдин колдору жубайынын көкүрөк тушунда турганын көрүүгө болот. Интернет колдонуучулар бул сүрөттү дароо байкап, ар кандай тамашалуу билдирүүлөрү менен бөлүшкөн.
Айрым колдонуучулар тарабынан "жүрөгүнүн согушун текшерип жаткандыр", "өзүнүн жубайы, каалагандай кучактасын", "туура эмес маалда тартылып калган сүрөт окшойт" деген билдирүүлөр жазылган.