Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын футболчусу Гүлжигит Алыкулов Казакстандын "Кайрат" клубунда 7-номер менен ойнойт. Мындай маалымат аталган клубдун быйылкы сезонго берген оюнчулардын тизмесинде көрсөтүлгөн.
Гүлжигит Алыкулов буга чейин аталган клубда 27-номерде ойночу. "Кайрат" клубу 2021-жылдагы сезонго жалпы 26 футболчунун тизмесин берген.
Көпчүлүк футбол сүйүүчүлөрүнө 7-номердеги оюнчу командадагы лидер оюнчулардын бири экени маалым. Гүлжигит Алыкулов быйылкы сезондо чоң ийгилик жаратат деп терең ишенебиз.