Бишкекте уурулук кылмышына шектелип 17 жаштагы бала кармалды

Бишкекте уурулук кылмышына шектелип 17 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрь күнү Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалымат боюнча, 9-октябрь күнү милиция бөлүмүнө 45 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда саат 10:00-12:00 аралыгында үйүнө белгисиз бирөө кирип, 12 500 сом акчаны жана буюмдарды алып чыгып кеткени айтылган. Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам иш чаралардын натыйжасында кылмышка шектелип Бишкек шаарынын тургуну, 17 жаштагы Б.А. аттуу бала кармалды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан