Ошто башка унаанын мамлекеттик белгисин тагып жүргөн унаа аныкталды

Ошто башка унаанын мамлекеттик белгисин тагып жүргөн унаа аныкталды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 28-февраль күнү саат 08:20 чамасында Ош шаарынын Көкүм-Бий көчөсүндө орун алган унаа базарынын жанында ак түстөгү Хундай Соната үлгүсүндөгү унаа шек жаратып текшерүүгө алынган. Текшерген учурда мамлекеттик белгиси башка унаага таандык экени аныкталып, унаа айып короого токтотулган.

Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ош ШИИБинин жоруктар жөнүндө иштер боюнча бөлүмүнө өткөрүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан