Биз социалдык тармакта

Бишкектин Ак-Жар конушунун тургундары жер маселеси боюнча митингге чыкты

Бүгүн, 1-мартта жер тилкелерин бөлүп берүү талабы менен Бишкектин чет жакасында жайгашкан конуштардын жашоочулары митингге чыгышты. Митингчилер алгач Чүй облусунун Ленин айыл өкмөтүнүн Мыкан айылына, андан кийин Ак-Жар конушуна чогулушту. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, жергиликтүү тургундар турак жай куруу үчүн айыл чарба жерлерин берүүнү талап кылышкан. Митингчилердин биринин айтымында, алар 15 жылдан ашык убакыттан бери Бишкекте жашап келишет жана начар шарттагы батирлерде жашоого аргасыз болушууда.

"Бул жерге чогулгандарды жер маселеси бириктирип турат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелери, көп балалуу энелер көп жер тилкесин бөлүп берүүнү талап кылабыз. Биз бул маселе боюнча көп жолу тиешелүү жерлерге кайрылганбыз. Сиз биздин акыркы үмүтүбүзсүз, Садыр Нургожоевич, элдин үнүн угуңуз", - деп президент Садыр Жапаровго кайрылышкан.

Мындан тышкары алар Ак-Жар конушунун аймагында белгилүү бир киши 90 гектар жерди менчиктештирип алган жана төрт жүз чарчы метрди 3-4 миң доллардан сатып жаткандыгын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Mirlan27011987
2021-03-01 17:00:02
Элдин унун угунуз эмес, захватчиктердин унун укпаныз. Жерлерди захват кылып алышып, ушул туура эмес да.
+1
Asmat84
2021-03-01 18:29:35
Mirlan27011987, захватчиктер эл эмес бекен алар да жыргаганынан чыгышкан жок да сүйлөйт десе сүйлөй бересиңби
0
zam81
2021-03-01 17:18:47
Туура жаш уйбулолор кобойуп жатат инивалит жетимдер бар бериш керек союз учурунда баарына конул бурулчу азыр 1 жыл чон болуп канча жер квартираларды менчиктеп алып жатат
+1
Jaka1978
2021-03-01 19:18:55
Ошол Ак-жарда жашагандар,уйу барлар,ар жактагы талаага кызыгып жатышат да...
0
Kyrc...
2021-03-02 07:14:14
Чыныгы муктаждарга бербесе бир-эки адам алат да кымбат кылып элге сатат. Чыныгы муктаж дейин десен Бишкектин 30 пайызы уйу жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан