Жаачылар курамасы "Alpomish va Barchinoy" эл аралык мелдешинде 3-орунду ээледи

22-27-февраль күндөрү жаа атуу боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Ташкент шаарында өткөн "Alpomish va Barchinoy" эл аралык мелдешине катышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кыз-келиндер жана эркектер арасында командалык эсепте Кыргыз курама командасы 3-орунду ээледи. Ошондой эле кыздар арасында Асел Шарбекова коло байгенин ээси болду.

Аталган мелдешке КМШ мамлекеттеринен 100дөн ашык спортчу катышты.

Белгилей кетсек, спортчулар спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планына ылайык иш сапарга жөнөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан