Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров: "Сырттан караганда катаал көрүнүшүм мүмкүн, бирок жан дүйнөсү жумшак адаммын"

Президент Садыр Жапаров 2-3-мартта иш сапары менен коңшу Казакстанга барат. Өлкө башчы иш сапардын алдында эл аралык "Казинформ" маалымат агенттигине маек курду.

- Биз кыргыз массалык маалымат каражаттарына, сайттарга, Фейсбук баракчаларына кирип турабыз. Сизди катаал жетекчи деп аташат экен. Мындай имидж эмнеге байланыштуу?

- "Балким, сырттан караганда катаал көрүнүшүм мүмкүн, бирок жан дүйнөсү жумшак адаммын. Азыр бизде бардык чөйрөдө мыйзам иштеп жатат. Мен министрлерге, премьер-министрге, күч түзүмдөрүнө тек гана мыйзамга ылайык аракет кылгыла деп айтам. Азыр иштеп жаткан же мурун иштеп кеткен жетекчилер күнөөсү бар болсо жазасын алышын талап кылам. Тиешелүү жактарга эгер жалган-жалаа жаап, камап коё турган болсоңор, өзүңөр жазасын аласыңар деп айтам. Ошондуктан бизде азыр мыйзам иштеп баштады.

Мен сизди түшүнүп турам. Мындай элестөөлөр эмнеден улам келип чыкканын. Премьер-министр, министрлер, жетекчилер жана башка аттуу-баштуу аткаминерлер кармалды. Түшүнүп турам сиз эмне тууралуу айтып жатканыңызды. 30 жыл ичинде коррупция тамырын кенен жайып кетти. Кыргыз өлкөсүндө 300гө жакын үй-бүлө байып, калгандары жакырланды. Мындан улам бизде үчүнчү революция орун алды. Бул биринчи себеп, экинчи себеби - акыйкатсыз шайлоолор. Ошондуктан биз таза жана акыйкат шайлоо өткөрдүк. Жакында жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт. Бул шайлоону дагы таза өткөрөбүз. Азыркы учурда мыйзамдуулукту жана акыйкаттыкты орнотуп жатабыз. Албетте, буга бир жыл жетпейт. Ал үчүн кеминде 2-3 жыл керектелет", - деп жооп берди Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Altyn10076
2021-03-01 19:18:04
Жумшак болуп не кереги бар, катаал болгонуңуз жакшы
+2
AdylbekB84
2021-03-01 19:50:21
Дарак жумшагын курт жейт, адамдын жумшагын адам жейт деген макал бар кыргызда! Биз жумшак президенттерди, майлибай президенттерди көрдүк, болбойт экен. Бизге элди жёстко кармаган, чиновниктер сизди көргөндө качаарга жер таппай тургандай болушуңуз керек, антпесеңиз сатылма эл акчага сатыла баштады, Раим миллионду калкалап, арасында чоңдор, депутаттар дагы жүрүшөт!
-1
bond02
2021-03-01 20:09:30
2 айдан бери озуно характеристика берип бутподу го бу.
+4
Real98
2021-03-01 20:38:13
Сөздөн ишке качан өтөсүңөр?!
+5
Oma.kg.kg
2021-03-02 03:50:17
Өзүн мактагандан өлгөнчө кач
+2
aslan_akjol89
2021-03-02 14:44:05
2-3жыл .....?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан