Биз социалдык тармакта

Жакын арада "Коопсуз шаар" долбоору Жалал-Абад шаарында ишке киргизилет

Жакын арада "Коопсуз шаар" долбоору Жалал-Абад шаарында ишке киргизилет. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабына ылайык, Жалал-Абад шаарында камераларды орнотууга даярдыктар жүрүүдө. Бүгүн, 1-мартта калаанын биринчи вице-мэри Нуртилек Орозбаев милдеттендирилген компания өкүлдөрү жана тийиштүү тармактар менен биргеликте видеобайкоо орнотулуучу көчөлөрдү текшерип чыгышты.
Шаар боюнча 12 көчөгө аталган долбоордун камералары коюлат.
Ал эми Жалал-Абад облусунун аймагына жалпы 48 жерге жол кыймылындагы эреже бузууларды аныктаган көзөмөл камерасын орнотуу пландалууда.
Анын ичинен Ош-Бишкек жолуна 32 камера, ал эми Жалал-Абад-Балыкчы жолуна 4 камера коюлат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dastanali
2021-03-01 18:26:56
Жолдорду да талаптагыдай оңдоп койсоңуздар, 1 күн каар жааса эле пробка, тайгак ДТП ж.б
+1
Kanybekov94
2021-03-01 20:56:01
Коопсуз шаар дебей эле коюшса жон эле сабашка дешсин жетет
0
zamir_kgz
2021-03-01 21:22:58
Хе хе көөп эле чала шоопурлардын пачагы чыгат . Бензин саткандар эле жыргайт негизи. Жолду ондоп коюшуп анан системага киргизиш керек.
+2
suban78
2021-03-02 01:54:44
Жакшы кабар. Тартипке тушот экен да акыры Жалал абаддын сентири.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан