Борбор калаадагы милициянын ыкчам кызматкерлери көмүр кенин негиздөөчүлөрдүн катарына кошууга убада берип, жарандардан акча алып качып жүргөн шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 10-февралында Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө М.Н. аттуу жаран кайрылып, көмүр кенин негиздөөчүлөрдүн катарына кошууга убада берип 10 миң 600 АКШ доллары жана 20 миң сом өлчөмүндөгү каражатты ээлеп алып убадасын аткарбай жүргөн И.С. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган.
Бул факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Октябрь РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1979-жылы туулган И.С. кармалган. Ал тергөө кызматына жеткирилип, Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту шектүүгө карата эки айлык мөөнөткө СИЗО-1ге камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын колдонду. Азыркы учурда шектүүнүн башка иштерине тиешеси бар же жок экендигин аныктоо боюнча мындан аркы тергөө иш-чаралары жана ыкчам иш-чаралар улантылууда.