Бишкекте чала таанышы көз көрүнө коркутуп, телефонун алып кеткен. Шектүү көп өтпөй кармалды

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-февраль күнү болжол менен саат 06:00 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Дэн-Сяопин жана Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинен уюлдук телефонду тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматы келип, маалыматты тактаганда, 1994-жылы туулган М.Б. аттуу кыз арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү аталган даректен М. аттуу чала таанышы арыз ээсин коркутуп, күч колдонуп баасы 16 миң сом турган уюлдук телефонун тартып алган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматы ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 1990-жылы туулган Т.И. аттуу жаранды кармашкан.

Шектүү Ленин РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп берилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан