"АФК Кубогу-2021: "Дордой" клубунун катышуусундагы оюндар Бишкекте өтөт. Качан?

АФК (Азия футбол конфедерациясы) Кубогунун тайпалык баскычындагы бишкектик "Дордой" футболдук клубунун катышуусундагы бардык оюндар Бишкек шаарында өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан (КФС) билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, "E" тайпасында өлкө чемпиону "Дордой", Тажикстан Кубогунун ээси "Равшан" жана Түркмөнстан вице-чемпиону "Ахал" катышкан оюндар 14-20-май күндөрү Бишкек шаарында өтөт.

Ал эми "F" тайпасындагы оюндар Дүйшөмбү шаарында өтөт. Анда өлкө Кубогунун ээси "Алай", Тажикстан вице-чемпиону "Худжанд", Түркмөнстан чемпиону "Алтын Асыр" жана Өзбекстандан "АГМК" же "Насаф" клубу катышат.

Тайпанын жеңүүчүлөрү эки оюндун алкагында 11 жана 25-августта аймактык финалда кездешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан