2021-жылдын 25-26-февралында Баткен облусунун Кадамжай районунун Токой жана Алыш айылдарында CASA-1000 долбоорунун маселелери боюнча жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар болуп өттү. Жолугушууларга өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын, CASA-1000 жергиликтүү жамаатты колдоо долбоорунун, айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, Кадамжай районунун акими, тиешелүү кызматтардын кызматкерлери - Мамэкотехинспекция, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана жергиликтүү тургундар катышкан. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө калкка CASA-1000 долбоорун жана CASA-1000 жергиликтүү жамаатты колдоо долбоорун ишке ашыруу процесси жөнүндө кеңири маалымат берилген.
Жергиликтүү тургундар негизинен ЭБЧнын ден соолукка тийгизген таасири жөнүндөгү жана үй чарбачылыгын тоскоолдуксуз жүргүзүүгө мүмкүнбү деген суроолорду беришкен.
“270 чакырымдан ашык ЭБЧ Баткен облусу аркылуу өтөт. ЭБЧнын коргоо зонасын бузулбаса, ден соолукка коркунучсуз жашоого жана үй чарбачылыгын жүргүзүүгө жол берилет. Электр берүү чубалгысын курууда, жогорку чыңалуудагы электр берүү чубалгыларын тартууда бардык белгиленген санитардык-коргоочу ченемдер жана эл аралык стандарттар так сакталат. Электр берүү чубалгысынын эң четки зымынан үйлөргө жана чарбалык курулуштарга чейинки аралык 30 метрге жетпеген учурларда, бул объекттер белгиленген мыйзамдарга ылайык көчүрүлүүгө тийиш", - деген Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын директору Марат Раймалиев.
Белгилей кетсек, жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоорунун алкагында 77 максаттуу айыл калктуу конуштун көлөмүнө жана анын муктаждыгына жараша тигил же бул колдоого ээ болушат.
“ЭБЧдан 1,5 чакырымда жайгашкан айылдар, айылдын электр энергиясы менен камсыздалышы жана инфраструктурасынын жакшыртылышы үчүн чакан гранттарды алышат. Жергиликтүү жамааттардын катышуусу менен конкурстук негизде тандап алынган 30 объекттин каржыланышы пландаштырылууда. Жергиликтүү жамааттарды колдоо боюнча долбоордун жалпы каржылоосу 11 миллион долларга бааланган“, - деп белгилеген CASA-1000 жергиликтүү жамааттарды колдоо боюнча долбоордун координатору Майрамбек Баялиев.
Маалымат үчүн: CASA-1000 долбоору Борбор Азиянын энергетикалык тутумдарын Түштүк Азия - Кыргыз өлкөсү, Тажикстан менен Ооганстан жана Пакистан менен байланыштырууга жана эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясы менен соода жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгууга багытталган.
Долбоордун алкагында керектүү электр тармактык комплексти модернизациялоо, жаңы көмөк чордондорду жана жогорку чыңалуудагы электр берүү чубалгыларын куруу пландаштырылып, жайында Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын ашыкча электр энергиясын Пакистан жана Ооганстанга экспорттоого мүмкүнчүлүк берет.