Өлкөгө ири өлчөмдө контрабанда жолу менен келген тамеки аныкталды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Өлкөгө контрабанда жолу менен 500 миңден ашык таңгак тамекини Иран өлкөсүнөн алып кирүү фактысы аныкталды. Тамеки таңгактары эч качан экономикалык ишмердүүлүк менен алектенбеген жана салык органдарында каттоодон өтпөгөн А.Н аттуу жаранга катталган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, жогоруда аталган тамеки буюмдарына акциздик салык болжол менен 20 миллион 738 миң сомду түзгөн", - деп жазылат билдирүүдө.
Учурда бул факты Финполдун Тергөө башкармалыгына өткөрүп берилген.