Бишкек ШИИББдин ыкчам кызматкерлери ири көлөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 29-декабрында Октябрь РИИБине шаар тургуну И.Е. жана М.Э. аттуу жарандарга чара көрүп берүүнү суранган.
Шектүүлөр 2019-жылдын 4-март күнү 7-апрель көчөсүндөгү имараттардын биринде жайгашкан кеңсе бөлмөсүн алмашуу шылтоосу менен Киев жана Панфилов көчөлөрүндөгү үч бөлмөлүү жана эки, бир бөлмөлүү батирлерди ээлеп алышкан. Алардын жалпы наркы 21 миллион сомду түзгөн. Андан кийин убадасын аткарбай, батирлерди үчүнчү жактарга сатып жиберишкен, андан түшкөн каражаттарды жеке муктаждыктарга жумшап салышкан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары 1986-жылы туулган И.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сот шектүүнүн баш коргоо чарасын карап чыгып, эки айга камакка алды. Ал эми экинчи шектүү М.Э.ге издөө жарыяланды.
Кимде-ким сүрөттөгү шектүүлөрдөн жабыркаган болсо төмөнкү номерлерге чалып байланышууну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш телефону: 0(703) 33-32-01, 0(709) 00-91-26 жана 102.