Буга чейин SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Лейлек районунун Исфана шаарынын тургуну кайрылып, май куюучу жайларда күйүүчү май жок болуп жатканын айтып кайрылган.
Бул боюнча Исфана шаарынын мэри Абдивали Хамраевге кайрылганыбызда, мэр шаар боюнча бир эле май куюучу жай иштеп жатканын тастыктады.
"Бензин Бишкектен келбей жатат. Ошондуктан май куюучу жайларда бензин тартыш болууда. Себеби күйүүчү май кымбаттап кетти", - деди шаар мэри.