Биз социалдык тармакта

Ализа Солтонбекова: "Айымдар айрым учурда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын билбей калышат "

Өлкөдө айрым айымдар зордук-зомбулукка кабылып жатканын билбей калышат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова иш-чара учурунда билдирди.

"Пандемия шартында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук фактылары өстү. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылы 9025 зомбулук фактысы катталган. Айрым учурда айымдар зомбулукка кабылганын билбей калышат. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу, аны жоюу боюнча комитететтердин саны бүгүнкү күндө 27ден 450гө жетти.

Аймактарда түзүлгөн комитеттердин курамына аксакалдар, жаштар кирди. Зордук-зомбулук менен күрөшүү биздин салт-санаабызга жараша жөнгө салынат.

Жакында эле Бишкекте кризистик борбор ачылды. Алдыда аймактарда дагы муниципалдык кризистик борборлорду ачууну карап жатабыз. Ага министрликтен каражат каралган", - деди ал.

Бүгүн, 2-мартта үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жаатында жарандык коом менен өкмөттүн ортосундагы кызматташуунун маанилүү натыйжалары талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
myrza_kyrgyz
2021-03-02 21:24:11
Билбей калышат деп эле майдалана бербегилечи,келиндердин оюн,мунозун бузуп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан