Бишкек шаарында түнкү клубдардын бириндеги ди-джейди атып кеткенге шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Л.В. аттуу жаран болгон. Ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
"Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, аталган шектүүнүн үйүн тинтүүдө тиешелүү документтери жок ок атуучу куралдар табылган. TOЗ-8 үлгүсүндөгу тапанча жана пневматикалык куралдар, Макаров тапанчасынын патрондору жана башка ок дарылар табылып алынган. Учурда кылмышка шектүүнүн башка кылмыш иштерине катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары улантылууда", - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Эске салсак, буга чейин 25-февралда ди-джейди атып кетишкен. Анын жансыз денеси батиринде табылган.