Өлкө боюнча ушул жылдын январь айында эле 727 зомбулук фактысы катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мекеменин маалыматында көрсөтүлгөндөй, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 727 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган.
"Үй-бүлөлүк зомбулук фактысынын көбү Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катталган. Ал эми зомбулук кылууга шектелген 632 жаранга убактылуу ордер берилген", - дешти маалымат кызматынан.