УКМКнын антикоррупциялык кызматынын мурдагы жетекчиси Дүйшөнбек Чоткараевдин баш коргоо чарасы узартылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын мурдагы жетекчиси Дүйшөнбек Чоткараевдин баш коргоо чарасы 26-мартка чейин узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чоткараевдин жактоочусу Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылган. Бирок сот жактоочунун арызын канааттандырган эмес.

Буга чейин Чоткараев өлкөгө зер буюмдарды аткезчилик жолу менен алып кирген адамдарды абактан мыйзамсыз коё берүүгө тийиштиги бар деп шектелип кармалган. 2020-жылдын 12-декабрь күнү Башкы прокуратура Чоткараевге кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана экономикалык аткезчиликке шектелип жатканын кабарлаган. Ошол эле күнү анын баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралып, тергөө аяктаганга чейин камакта болуу чечими чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан