Биз социалдык тармакта

Пандемияда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган 2 жарым миңден ашуун жаранга жардам көрсөтүлдү

Пандемия шартында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук фактысы өстү. USAID тарабынан каржыланган "Жигердүү жарандар" долбоору гендердик зомбулукка кабылган 2 жарым миңден ашуун жаранга жардам көрсөттү.

Белгилүү болгондой, 11 жарандык коом уюму тарабынан зомбулукка кабылгандарга карата юридикалык жана психологиялык жардамдар берилген.

"Пандемияда жарандык коом уюмдары өлкөнүн булуң-бурчтарында иш алып барып, зомбулукка кабылган жана аярлуу катмарга кирген үй-бүлөлөрдө жашаган адамдарды башпаанек, гигиеналык каражаттар, азык-түлүк, материалдык жардам жана психологиялык кеңештер менен камсыз кылды", - дешти долбоордун өкүлдөрү.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова жер-жерлердеги гендердик зомбулук боюнча түшүндүрүү иштерин тургундар туура кабыл алышканын айтты.

Бүгүн, 2-мартта үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жаатында жарандык коом менен өкмөттүн ортосундагы кызматташуунун маанилүү натыйжалары талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан