Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айылында тааныштар ичимдик ичип отурган маалда бирөөсү өткөндү эстеп, кичинекей кезинде аны эмне үчүн урганын сураганда ага жини келген жанындагы тургун бычак менен сайып жиберген. 38 жаштагы айыпталуучу 5 жылга эркинен ажыратылды. Окуя 2020-жылы сентябрь айында болгон. Өкүм Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.
Окуянын чоо-жайы:
Былтыркы жылдын 20-сентябрында болжол менен саат 19:00 чамасында аталган айылда мас абалында Д.М. аттуу жаран өзү менен бирге спирт ичимдигин ичип отурган 1989-жылы туулган Т.Э. аттуу жаранды сол колуна жана көкүрөгүнүн оң тарабына ашкана бычагы менен сайып, денесине залал келтирген.
Айыпталуучу Д.М. 1982-жылдын 26-апрелинде Базар-Коргон районунда туулган, Кыргыз жараны, үй-бүлөлүк абалы ажырашкан, билими орто, убактылуу эч жерде иштебейт. Жашаган дареги: Базар-Коргон районунун Кеңеш айылы. Айыпталуучу коомго пайдалуу жумуштар менен алектенбестен кылмыш жоопкерчилигине тартыларын билип туруп кылмыш ишин жасаган.
Сот отурумда жабырлануучу төмөндөгүдөй көрсөтмө берген:
"Мен Э.Т. окуя болгон күнү Базар-Коргон райондук базарына жеке иштерим менен барып, досторума жолугуп калып алар менен бильярд ойноп, спирт ичимдигин ичип эс алганбыз. Кайра болжол менен саат 15:00дө Кеңеш айылына келип тааныш балдар менен жолугуп калып, жолдун четинде жайгашкан дүкөндүн биринен бир бөтөлкө арак алып ичип бүткөндө үйгө баргам. Келсем айылдаш бала телефон чалып, Д.М.нын үйүнүн жанына келип тур деп айтканда макул болуп бир бөтөлкө арак алып баргам. Анын үйүнүн жанына барып, ага закуска менен пиала алып чык арак ичели деп айткам. Ал макул болуп бир бөтөлкө аракты ичип олтуруп мас болуп калдым. Мастыгым менен кичинекей кезибизде болуп өткөн окуяларды эстеп Д.М.га эмнеге мени кичинекей кезимде урасың деп айтып сөз талаша кеткенде, Д.М үйүнө кирип бычак алып чыгып, мени сол колумдун булчуңуна жана ичимдин оң тарабына бычак менен сайганда коркуп качып кеткем. Качып баратып алган жаракатымдан өзүмдү жоготуп, эс-учумду билбей жатып калыптырмын. Эмне болгонун эстей албай, эки күндөн кийин турсам ооруканада жатыптырмын. Бүгүнкү күндө айыпкер Д.М.ны кечирдим, өз ара элдешип алдык. Ал келтирген зыянды толугу менен төлөдү жана айыпкерге карата доом жок", - деп билдирген жабырлануучу.
Айыпталуучу сот отурумда күнөөсүн моюнга алып, буларга токтолду:
"Мен өз күнөөмдү моюнга алам. Окуя болгон күнү мас абалда болчумун, базарга жеке иштерим менен барып, ал жактан бир кыз менен жолугуп калып ал менен арак ичип, эс алганбыз. Ошентип үйгө барып уктап жатсам, таанышым Э.Т. чакырып, арак ичели деп айтты. Ага макул болуп, пиала менен помидор алып чыккам. Ичип отуруп Э.Т. мага ар кандай сөздөрдү айтып мурунку болуп өткөн окуяларды эстеп, эскерткениме карабай ачуума тийди. Жинденип үйгө кирип, очоктон тамак ичкен столдун үстүндө турган жыгач саптуу аш бычакты алып Э.Тны сайып жибердим. Ал коркуп качып кетип калган. Бүгүнкү күндө кылган ишиме терең өкүнөм, мага карата жаза чарамды колдонууда жабырлануучу менен элдешкенимди жана анын мага карата эч кандай доосу жок экенин эске алып, жазык ишимди кыскартып берүүнү сурайм", - деп билдирген.
Өкүм:
Сот жазык иштин материалдарын изилдеп, айыпкер жана анын жактоочусу, жабырлануучунун жана эксперттин иши боюнча көрсөтмөлөрүн угуп, 5 жылга эркиндигинен ажыратты.