Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус инфекциясынын биринчи толкунунда мамлекетке 3 миллион сом зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Коронавирус илдети менен күрөшүү иштеринин алкагында Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Бүткүл дүйнөлүк банкынан бөлүнгөн акча каражатына дары-дармектерди, алардын катарында Лопинавир/ритонавир препараттарын сатып алуу жагы каралган. Кийин сатып алуу процедураларын жүргүзүүдө, Бүткүл дүйнөлүк банкы тарабынан Лопинавир/ритонавир препараттары сатып алынуучу дары-дармектердин тизмесинен чыгарылган.
Ага карабастан, 2020-жылдын 13-апрелинде Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан "М" фармкомпаниясы менен Калидавир препаратын (Лопинавир/ритонавир препараттардын аналогу) мамлекеттик бюджеттин эсебинен 3 миллион 500 миң сомго сатып алуу жөнүндө келишим шашылыш түрдө түздөн-түз түзүлүп, бирок сатып алынган дары-дармектер бүгүнкү күнгө чейин эч бир медициналык мекемелерге таратылбастан министрликтин кампаларында жаткандыгы аныкталды", - деп жазылат билдирүүдө.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин ошол маалдагы жетекчилиги жана башка кызмат адамдары тарабынан жогорудагы Калидавир препаратын сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 3 миллион 500 миң сом мыйзамсыз сарпталып, натыйжада мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирилген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 320-берененин негизинде ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.