Бишкекте дары алып келип берем деп алдамчылык менен алектенгенге шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-декабрь күнү Октябрь РИИБине Б.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 2019-жылдын август айында Ш.М. жана М.Р. аттуулар 7-кичи районунда жайгашкан кеңседе арыз ээсинин ишенимине кирип, биргелешкен ишкердикти баштоо жана дары-дармектерди жеткирүү убадасы менен 90 миң доллар каражатын ээлеп алып, убадасын аткарбай из жашырып качып кетишкен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү рестрине 204-берене "алдамчылык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнүн изине түшүп, 1980-жылы туулган Ш.Н. аттуу жаранды Бишкек шаарынын аймагынан жана экинчи шектүү 1984-жылы туулган М.Р.ны Жалал-Абад облусунун аймагынан кармашкан. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.