Өкмөттөн "баатыр" деген наам берүүсүн талап кылган жокпуз. Мындай пикирин октябрь окуяларынын катышуучулары тарабынан түзүлгөн "Кыргыз үмүтү" коомдук бирикмесинин мүчөсү Самат Өкмөткулов SUPER.MEDIA пресс борборунда өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, аталган бирикменин мүчөлөрү 5-6-октябрь күндөрү болуп өткөн окуяларга укуктук баа берилишин талап кылат.
"Алгач жалпы элге кайрылып кетким келет. Жакында эле биз өкмөттөн "баатыр деген наам бергиле" деп талап кылып жаткандыгыбыз тууралуу маалымат тарады. Бул атайын уюштурулганбы же кокусунан ушундай түшүнбөстүк болуп кеттиби билбей калдык. Ошондуктан биз чындыкты ачыктап коюуну туура көрдүк. Биз "баатыр" деген наамды талап кылган жокпуз. Бизге эч кандай мамлекет тараптан артыкчылыктардын кереги жок. Болгону бизге статус берилишин жана жабыркаган жарандарга медициналык колдоо көрсөтүлүшүн каалайбыз. Мына ушул нерсени гана азыркы өкмөттөн талап кылабыз. Биз ким экенибизди билишибиз керек. Биз бийликти басып алган кылмышкербизби же революционербизби? Кылмышкер болсок бийликти басып алды деген жүйө менен азыркы президент Садыр Жапаров баш болуп жоопкерчиликке тартылышыбыз керек. Революционер болсок статус берилип, жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүшү керек", - деди Өкмөткулов.
"Кыргыз үмүтү" коомдук бирикмеси октябрь окуяларынын катышуучулары тарабынан түзүлгөн. Буга чейин аталган бирикменин мүчөлөрү президент Садыр Жапаровго кайрылып, "баатыр" деген наам берүүнү талап кылып жаткандыгы тууралуу маалымат тараган.