Ош облусунун Кара-Суу районунда таңга маал үйгө кирип, уктап жаткан аялды бычактап, үйдөн сейф уурдап чыккан шектүүлөр 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр үйгө кирген күнү аял үйдө жалгыз болгон.
"Шектүү катары кармалган эки бала эч жерде иштебейт жана окубайт. Алар сейфте акча же алтын бар деп болжоп киришкен. Азыркы учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Балким, башка дагы шектүүлөр бар болушу мүмкүн", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
27-февраль күнү таңкы саат 07:13тө Кара-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө саат 06:40 чамасында Кара-Суу шаарынын жашоочусу 55 жаштагы Т. У. аттуу аял миздүү нерседен денесинен жаракат алып ооруканага келип түшкөнү кабарланган.
Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу 27-февраль күнү саат 05:00 чамасында белгисиз эки жаран беттерин жаап, Кара-Суу шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги турак үйгө мыйзамсыз киришкен. Үйдө уктап жаткан аялды өздөрү менен бирге ала барган жыгач таяк менен башка чаап, андан кийин бычак сайып, бөлмөдө турган темир сейфти көтөрүп чыгып окуя болгон жерден издерин жашырып качып кетишкен. Ал эми жаракат алган аял Кара-Суу райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө үч саат жатып, кийин каза болуп калган.