УКМК: "Базар-Коргон райондук электр тармагынын юристи пара алып жаткан жеринен кармалды"

Мыйзамсыз сый акы алуу фактысы боюнча Базар-Коргон райондук электр тармагынын юристи кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-февралда талап кылган акча каржатынын бир бөлүгүн алып жаткан учурунда Базар-Коргон райондук электр тармагынын юристи А.Н.К. кармалды.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 238-берене "Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Такталгандай, кармалган адам жергиликтүү тургундан электр энергиясын өндүрүштүк керектөөгө пайдаланууга байланыштуу салынган айып пул маселесин оң тарапка чечип берүү үчүн 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган, ал эми анын негизги бөлүгүн мурда алган. Учурда бул факты боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан тергөө амалдары жүрүүдө", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан