
Казакстан өлкөсү Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунда билдиргенин казак басылмалары жазып чыгышты.
"Эки тараптуу жолугушууда коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү маселеси талкууланып, Казакстан жардам иретинде медициналык каражаттардын кезектеги партиясын жиберүүгө, Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнө аскердик техникаларды берүүгө даярдыгын белгиледи".
Ошондой эле Казакстан Кыргыз өлкөсүндөгү алдыңкы инвесторлордун, ири соода өнөктөштөрдүн бири экенин Касым-Жомарт Токаев белгиледи.
"Акыркы 15 жылдын ичинде биз Кыргыз өлкөсүнө миллиард доллардан ашуун инвестиция салдык. Казакстандык инвесторлор Кыргыз мамлекетинин экономикасынын негизги тармактарын колдоого жана социалдык абалды жакшыртууга олуттуу салым кошуп жатышат. Жаңы жумуш орундарын түзүүгө, өндүрүш тармагын жана каржы рыногун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Буга байланыштуу биз өз ара инвестицияларды колдоо жана коргоо боюнча макулдаштык", - деди Токаев.
Бүгүн, 2-мартта Нур-Султан шаарындагы президенттин "Ак ордо" сарайында өлкө башчы Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болуп, эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлду.