"Баатыр" деген наам каалап жатышат деген жаңылыш маалымат". Октябрь окуяларынын катышуучулары калкка кайрылды (видео)

Өткөн жылдын 5-6-октябрь күндөрү Бишкекте болуп өткөн окуялардын катышуучулары "Кыргыз үмүтү" аттуу коомдук бирикме түзгөнү маалымдалган. Кийинчерээк бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында октябрдагы окуялардын катышуучулары "Баатыр" деген наам берүү талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошот деген кабар тараган. Аталган кыймылдын мүчөлөрү бул жаңылыш маалымат экенин айтып пресс жыйын өткөрүштү.

Алардын айтымында, кыймылдын мүчөлөрү бийликтин алмашуусуна себеп болгон окуяларга укуктук баа берүүнү, жабыркагандарга медициналык колдоо көрсөтүүнү гана талап кылышкан.

Маалымат жыйынына "Кыргыз үмүтү" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү Айбек Кадыркулов, Самат Өкмөткулов, Саламат Алмазбек уулу, Дастан Эсенбеков жана Ильичбек Дүйшекеев катышты.

"Баатыр" деген наам каалап жатышат деген жаңылыш маалымат". Октябрь окуяларынын катышуучулары калкка кайрылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан