Биз социалдык тармакта

Өлкөдө дээрлик 10 миң тонна айыл чарба продукциясы экспорттоого текшерүүдөн өткөрүлдү

Өлкөдө 9776,5 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясы экспорттоого текшерүүдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, аталган министрликтин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти 2021-жылдын 19-25-февралына чейин өлкө аймактарында жана чек араларда фитосанитардык көзөмөл жүргүздү. Анын негизинде 9776,5 тонна ата мекендик айыл чарба продукциялары экспорттоого текшерүүдөн өткөрүлдү.
"Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык, товарларды текшерүү жүргүзүлүп, экспорттолгон продукциянын үлгүлөрү жана сактоо эрежелеринин сакталышы боюнча атайын таанышуу иштери жүргүзүлдү", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан