Биз социалдык тармакта

Йеменде жаңжалдан улам 3 жуманын ичинде 14 миңден ашуун адам өз үйүн таштап кетти

Йеменде аскер күчтөрү менен Иран колдогон куралдуу топтордун ортосундагы кагылышуулар акыркы 3 жумада 14 миңден ашуун адамды жер которууга аргасыз кылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Йемендин чыгышында жайгашкан Мариб провинциясындагы кагылышуулар аймактын жашоочуларына терс таасирин тийгизген. Марибдеги 14 миң 413 адам чыр-чатактын күчөп жаткандыгына байланыштуу өлкөнүн башка аймактарына көчүп кетүүгө аргасыз болушкан.

Мыйзамдуу өкмөттүн эң маанилүү шаарларынын бири болгон жана Коргоо министрлигинин башкы кеңсеси жайгашкан Мариб шаарын басып алууну каалаган Хусит куралдуу топтору акыркы кездери аймакка тынбай чабуулдарды жасоодо. БУУ баш болгон эл аралык уюмдар Хуситтерди Марибге кол салууларын токтотууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mirlan27011987
2021-03-02 19:41:08
Акыркы аскер жерге берилгенде гана согуш бүтөт. Согушта Кудайдын козу да сокур болуп калат. Менин оюмча, көпчүлүк адамдар Кудайга "на всякий пожар" гана ишенип коюшат.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан