Чүй облусунун Жайыл районунда 14 жашар баласынын өлүмүнө шектелип энеси кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-март күнү саат 20:25 чамасында Жайыл РИИБинин "Тез жардам" кызматкерлери тарабынан Ново-Николаевка айылындагы үйлөрдүн биринен 14 жаштагы баланын жансыз денеси, киши колдуу болуп табылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.
Жайыл РИИБинин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге жөнөтүлүп 14 жаштагы баланын моюнуна бычак сайылып, ал ошол жерден көз жумганы белгилүү болгон.
"Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси "адам өлтүрүү" менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда шектүү катары баланын энесин кармашкан. Ал 36 жаштагы Т.В. аттуу аял. Учурда окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат. Сотко чейинки тергөө иштери уланууда", - деп билдирет басма сөз кызматынан.