2-март күнү Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов Бириккен улуттар уюмунун калк жайгаштыруу фондунун Кыргыз өлкөсүндөгү кеңсе башчысы Азамат Баялинов менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Жолугушуунун алкагында эки тараптуу кызматташуу, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукту азайтуу, аялдардын жана кыздардын потенциалын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, жергиликтүү бийликтин колдоосун талкуулашкан.
Өз кезегинде вице-мэр Эмил Шадыханов Ош шаарынын мэриясы шаар тургундарынын кызыкчылыгы үчүн алгылыктуу долбоорлорго колдоо көрсөтүлө тургандыгын билдирген.