Футбол: Неймар "ПСЖ" - "Барселона" командаларынын жооптук беттешине дагы катыша албай калышы мүмкүн

Франциянын "ПСЖ" футболдук клубунун белгилүү бразилиялык чабуулчусу Неймар Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын "ПСЖ" - "Барселона" командаларынын ортосундагы жооптук беттешке алган жаракатынан улам дагы катыша албай калышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 29 жаштагы футболчу 25-февралда акырындан машыгуусун баштаган. Бирок ал калыбына толугу менен келе элек. Мындан улам клуб анын ден соолугун тобокелге салгысы келбей тургандыгын билдиришкен. Неймар 11-февраль күнү өткөн футбол боюнча Франция Кубогунун 1/32 финалындагы "ПСЖ" - "Канн" беттешинде жаракат алып, талааны таштап кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан