Бишкек ШИИББинин ыкчам кызматкерлери уюлдук телефон уурдаганга шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-февралда С.Ш. аттуу жаран ошол эле күнү болжол менен саат 13:00 чамасында Лев Толстой жана Некрасов көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан "Баткен" базарында Мерседес Бенц унаасынын салонунан 11 миң сомдук Редми үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жашыруун уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Бул факт Ленин РИИБинин каттоосуна алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (Уурулук) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.
Тиешелүү тергөө жана издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Ленин РИИБинин шаардык милиция бөлүмүнүн экинчи бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан шаардын аймагынан кылмышка шектүү 1974-жылы туулган Б.М. кармалган. Ал тергөө кызматына жеткирилип, ал жерден Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын ИВСине киргизилип, 15 күнгө камакка алынды.
Учурда кармалган жарандын башка кылмыш фактыларына тиешеси бар экендигин аныктоо үчүн зарыл болгон тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.